Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек деп чыккан. Ошондой эле пикирди экс-президент Алмазбек Атамбаев 2018-жылы КСДПнын съездинде айтканы маалым болгон. Жээнбековдун туугандарынын жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеши үй-бүлөлүк башкарууга алып келери коомчулукта айтылып жүрөт.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын деген талаптын коюлганына 1 жыл болду. Жээнбеков мандатты тапшырган жок. Бийлик үй-бүлөлүк башкарууга жол бербесине ишеним жарата алдыбы?" деген соболуна жарандык активист Алга Кылычов жооп берди.
Ал башында Асылбек Жээнбеков бийликке аралашпайт экен деп ойлогонун айтты.
“Агасы президенттикке келгенге чейин депутат болчу. Ал ачык айтканда партия, демократия үчүн жакшы иштерди жасады. Бирок бүгүнкү күндө Мискенбаевдин бир жыл мурун айткан сөзүнө кошулууга туура келет. Бир эле мисал келтирсек, Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсүн шайлап жатканда анын кийлигишип, басым жасаганы байкалып калды. Тарыхыбызда бир туугандар, кудалар бийликке аралашканы жаман тенденция экенин көрдүк”, - дейт Кылычов.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Эмилбек Жороев, саясий серепчи Марат Казакбаев жана коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин жообу бул шилтемеде.