Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек деп чыккан. Ошондой эле пикирди экс-президент Алмазбек Атамбаев 2018-жылы КСДПнын съездинде айтканы маалым болгон. Жээнбековдун туугандарынын жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеши үй-бүлөлүк башкарууга алып келери коомчулукта айтылып жүрөт.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын деген талаптын коюлганына 1 жыл болду. Жээнбеков мандатты тапшырган жок. Бийлик үй-бүлөлүк башкарууга жол бербесине ишеним жарата алдыбы?" деген соболуна коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жооп берди.
Ал Асылбек Жээнбеков агасы президент болгонго чейин депутат болгонун белгиледи.
“Мыйзам боюнча, аны мандатын тапшырсын деп мажбурлаганга эч кимдин укугу жок. Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын деген саясий топтордун талабы. КСДПнын мүчөлөрү эгерде Сооронбай Жээнбековду президенттикке сунуш кылсак Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырууга макул болгон деп айтып жатышат. Бирок бул оозеки түрдөгү келишим болуш керек. Мыйзам чегинде андай келишим болбогондон кийин мандатынан ажыратыш кыйын. Асылбек Жээнбеков агасы президент болгондон кийин терс пикирлер жаралбасын деп мандатын тапшырса туура болмок. Бирок чоң даражалуу кызматка жеткенде мындай нерселерге кыргыздар барбайт. Асылбек Жээнбеков андай кадамдарга барбайт”, - дейт Келдибаев.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Эмилбек Жороев, саясий серепчи Марат Казакбаев, жарандык активист Алга Кылычов жана коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин жообу бул шилтемеде.