Бишкекте 17-мартта Аксы окуясынын 17 жылдыгына байланыштуу эскерүү иш-чарасы өтөт. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев жана башка коомдук-саясий ишмерлер катышат. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.
"2002-жылы болгон Аксы окуясына 17 жыл толду. Медиа-Форумдун имаратынын алдында саат 11:00дө үй-бүлөлүк, кландык режим менен күрөшүүдө каза болгондорду эскерүү болот", - деп айтылат маалыматта.
2002-жылдын 17-мартында эгемен Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кайгылуу күн катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган Азимбек Бекназаровдун тарапташтары ага чейин Кербен, Жаңы жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында топтолгон адамдарга каршы ок атып, 6 киши каза болгон. Айрым маалыматтар боюнча 80ге жакын адам жаракат алган.