"КСДП бир күчкө айланбай бөлүнө турган болсо бул партия менен кетүүнүн кажети жок", - деп бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына депутат Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Ал КСДП бирдиктүү болбосо партиялык билетин тапшырганга даяр экенин айтты.
"КСДПнын абалына ичим толбой турат. Жакынкы күндөрү өтө турган съезддерде маселе чечилип, партия бир жактуу кетпей, бир күчкө айланбай бөлүнө турган болсо ал партия менен кетүүнүн кажети жок. Эки жактын тең съездине катышпайм. Бөлүнүп-жарынган съезддерге катышууга ниетим жок", - дейт Турсунбеков.
Буга чейин партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова маалымат жыйын өткөрүп, партиянын съезди 6-апрелде болорун билдиришкен. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 4-мартта КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны болгонун, анда КСДП 3-апрелде кезектеги съездин өткөрүү чечимин кабыл алганын айткан.
Былтыр 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарган.