Мискенбаев: "Бакиев туугандарым, балдарым акылдуу болсо эмне кылайын дечү, Жээнбеков иним мага чейин эле депутат болчу дейт. Окшоштук барбы?"

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарындагы "Медиа-Форум" имаратынын алдында Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Иш-чарага экс-президент Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, мурдагы элчи Кылычбек Султан жана башка активисттер катышты.

Саат 11:00дө башталган иш-чаранын расмий бөлүгү саат 13:30да жыйынтыкталды.

Эскерүүнүн жүрүшүндө мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду.

"Канча куугунтук кылсаңар да бүгүн айтчу сөзүмдү айтам. Аксы окуясы Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусунан улам келип чыккан. Акаев кеткенде Курманбек Бакиев "мен эч качан үй-бүлөмдү бийликке аралаштырбайм" деген болчу. Кийин "бир туугандарым, балдарым акылдуу болсо эмне кылайын" деди. Сооронбай Жээнбеков дагы "иним мен президент болгонго чейин депутат болчу" деп айтты. Окшоштук бар бекен? Бизде бүгүнкү күнү үй-бүлөлүк кландык башкаруу орноду. Жаңы келген бийлик партияны, элди, коомду бөлүп жатат. Анткени президенттик аппаратта Бакиевдин кишилери отурат. Акаев менен Бакиев азыркы бийликти мактай баштады. Алар келип мурунку иштерин улантып, үй-бүлөлүк башкаруу орноткусу келип жатат. Мындайга жол бербеш керек. Биз, Кыргыз мамлекети "Жээнбековдор бир туугандарсыз" деген ураан менен чыгышыбыз керек. Бийликтегилерге куугунтукту токтокула деп айтат элем. Алмазбек Атамбаевге таң калам, 25 жыл дос болду. Бир досун президент, бир досун фракция лидери кылды. Жээнбеков президент болгондо Атамбаевге "сиз тарыхта кала турган адамсыз, менин биринчи буйругум менен Кыргыз Республикасынын баатыры деген наамын берем" деп айткан. Кана сөзү, хандын сөзү бир болушу керек. Экинчи досу фракция лидери Иса Өмүркулов "Атамбаев журт атасы" деп жүргөн. Бүгүн эмне болду? Булар саткындыкты эрдик көрүп жатат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан