Бүгүн, 18-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Биоотун жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору 2-окууда каралды.
Мыйзам долбоору боюнча комитет жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады.
"Биоотунду чыгарган ишканаларды ким көзөмөлдөйт?", - деди комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров.
Буга өкмөттүн өкүлү: "Негизи биоотун чыгарган ишканалардын ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги көзөмөлдөйт", - деди.
"Алты спирт заводу бар, анын төртөө бүгүнкү күндө иштебейт. Этил спиртин өндүрүү көп каражатты деле талап кылбайт. Буга көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Мыйзам жакшы, аны колдоо керек. Спиртти каалаган адам сатып ала албайт. Ал тиешелүү уруксат кагаздары, лицензиясы бар ишканаларга гана сатылат. Бүгүнкү күндө өлкөдө картошканы сата албай жатабыз, андан да этил спиртин өндүрүүгө болот",- деди депутат.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү тарабынан мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды.