Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында бажы алымдары тууралуу маселе каралууда.
Талкуу учурунда депутат Руслан Казакбаев Бажы кызматынын иши дайыма суроо-талапты жаратарын айтты.
“Бажы кызматынын иши жакшы деп эле өтүп кете бересиңер. Бирок ишкерлер дагы деле кыйналып жатат. Мисалы, Казакстан бат-бат эле чек арасын жаап коёт. Мына бүгүн бажынын ишин талкуулап жатсак анын жетекчиси жыйында жок. Анда эмнеге биз Бажы кызматынын ишин талкуулашыбыз керек? Менин бажы кызматынын жетекчисине суроом бар эле. Жыйын бүткүчө чакыргыла”, - деди эл өкүлү.
Тармактык комитеттин жыйынына өкмөт мүчөлөрүнүн толук келбегени сынга алынып, эл өкүлдөрү нааразычылыктарын билдиришти.