"Өткөн жылдын май айында Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү керек деген сунуш бергем". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ал КСДПны оппозицияга чыгарып, чыныгы парламенттик өлкө болууну сунуштаганын жазган.
"Тилекке каршы, менин бул сунушумду колдобой коюшту. Мына эми партиянын ичиндеги ыдыроо, партия лидерлеринин талаш-тартышы коомдо чыңалууга алып келет.
КСДПнын чыр-чатагы, Жогорку Кеңештеги фракциясынын "жетекчилик" ролу - бул бүтүндөй парламентке чоң минус. Ал эми "чимкирик парламент" деп атыгууга биз тил алчаак болгонубуз менен татыктуу болдук окшойт. Ушуга үйрөтүп коюшту. Бир жылдай убакыт калды. Дагы көптү өзгөртүүгө болот", - деди Масалиев.
Кечээ, 17-мартта экс-президент
Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасында сүйлөп жатып "
Парламентти карасаң бир тобу чимкириктей. Асылбек Жээнбеков "чимкиргиле" десе чимкиришет, "тарткыла" десе тартып алышат" деп
айткан.