Тармактык комитетте "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды

Бүгүн, 18-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов: "Бул укуктук актынын ченемдери коммерциялык максаттагы айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого багытталган. Мындай айтканда, эркин жүргөн жана короодо кармалган малды идентификациялоо механизмдери көрсөтүлбөй калган. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору менен малды идентификациялоо конкреттештирилип, кеӊейтилүүдө. Мыйзам долбоорунда расмий идентификациялоо жана каттоо системи түзүлбөгөн өлкөлөрдөн импорттолуп келинген, ошондой эле үй шартында, зоологиялык сейил бактарда, цирктерде, кармоо үчүн эксперименттик жаныбарлар катары, коммерциялык максаттарда пайдаланууга алынып келген, идентификацияланбаган жаныбарлар боюнча жобо каралууда", - деди.

Комитет мүчөлөрү 2-окууда каралган мыйзам долбоорун жактырышып, жалпы жыйынга сунуштоо чечимин кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан