Жогорку Кеңеште тармактык комитет Кыргыз мамлекетинин аймагында Орусиянын аскердик базасынын турушу тууралуу маселени жабык карап жатат

Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны жабык өтүп жатат. Аталган комитеттин күн тартибине 4 маселе киргизилген. Анын экөө ачык каралды.

Жыйында бажы алымдары тууралуу маселе каралып, финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын ишине нараазычылыктар айтылган. Мындан тышкары "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, 2-Фаза" долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө маселе каралды. Бул маселе боюнча киреше-чыгашалар айтылды.

Ал эми 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен Орусиянын аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө протоколдун долбоору жана ар кандай маселелер жабык каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан