"Мамлекеттик тилден сынак тапшыра албай калган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагыларды ээлеген кызматынан ылдыйлатуу керек".
Бул тууралуу 18-мартта Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.
"Мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырууда абал кандай болуп жатат? Бүгүнкү күнгө чейин бул боюнча кандай иштер аткарылды, экзамен тапшыра албай калгандарга кандай чаралар көрүлдү?" - деди депутат.
Буга Кыргызтест башкармалыгынын жетекчиси Батма Топоева-Ставинская: "2018-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген 19 миң 719 адам экзамен тапшырган. Анын 8 миң 24ү сынактан өтүп, сертификат алды. Ошондо сынак тапшыргандардын ичинен 59,2 пайызы өтпөй калган", - деди.
"Англис тилин деле 6 айда үйрөнүп жатат, эмнеге кыргыз тилин үйрөнүүгө болбойт? Кыргыз тилин үйрөнүүгө 1 жыл убакыт берели, бирок мындан жыйынтык керек. Эгер тесттен өтпөй калса, 3 же 6 айдан кийин кайра сынак тапшырууга милдеттендирүү же аны ээлеген кызматынан ылдыйлатуу керек. Себеби учурда кыргыз тилин билгени деле билбегени деле кызмат ээлеп отурат", - деп кошумчалады депутат.