Учурда оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу талкуу болуп жаткан кез. “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Ага чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Гезиттин директору Шайиста Шатманова сурактан чыккандан кийин кырдаал тууралуу айтып жатып мамлекеттик органдардын аракеттерин сөз эркиндигине болгон кысым катары баалады.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сөз эркиндигине кысым көрсөтүү качан токтойт?" деген соболуна адвокат Акмат Алагушев жооп берди.

Ал сөз эркиндигине кысым токтобойт деген пикирин айтты.
"Менимче сөз эркиндигине кысым токтобой турган нерсе. Ал дүйнө жүзү боюнча өнүккөн өлкөлөрдө дагы бар. Кандай жагдайда азаярын айтуу кыйын. Ал үчүн прогрессивдүү мыйзамдарды кабыл алуу кажет. Эки тарап тең, бийлик да, жалпыга маалымдоо каражаттары да азыркы мыйзамдарды аткарышы керек. Мыйзам жактан бүт баарын караштырып, балансты сактап, ар биринин жеке жоопкерчилигин карап чыккан туура. Ошондо кысым азаят деп ойлойм. Азыркы мыйзамдар аткарылбай жатат, аны менен катар жаңы мыйзамдарды да чыгаруу зарыл", - деди Алагушев.
Журналисттер
Дина Маслова, Турат Акимов, Лейла Саралаева, Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.