Учурда оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу талкуу болуп жаткан кез. “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Ага чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Гезиттин директору Шайиста Шатманова сурактан чыккандан кийин кырдаал тууралуу айтып жатып мамлекеттик органдардын аракеттерин сөз эркиндигине болгон кысым катары баалады.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сөз эркиндигине кысым көрсөтүү качан токтойт?" деген соболуна журналист Дина Маслова жооп берди.

Ал бийлик эски системден чыга албагандыктан, сөз эркиндигине кысым токтобойт деген пикирде.
"Саясий кысым токтобойт. Анткени мамлекетти башкарып тургандар эски системдин мураскерлери. Биринчиден, Советтер Союзу жана эгемендүүлүктү алган мезгилдеги президенттер бийликти узурпация кылгандай азыркы бийлик дагы, кийинки бийлик дагы бул айлампадан чыга алышпайт. Экинчиден, жарандык коомдун аң-сезими бийлик менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы тиреште ЖМКны колдой турган деңгээлге жете элек. Бул негизги себептер. Рынокту караганда ЖМКлар да ар түрдүү экенин айтсак болот. Көбү саясатчыларга тиешелүү болгондуктан корпоративдик тилектештик жок. Мындан тышкары, эгер президенттик аппарат мамлекеттик органдарга басым көрсөтпөсө деле, кыйытма сөздөр өз системин коргой башташат. Саясий маданият, мамлекеттик башкаруунун өзгөчөлүгү мына ушунда. Башкача айтканда президент өзү түздөн-түз бирөөгө көрсөтмө бербей, жөн эле сөздүн четин чыгарып койсо бүт мамлекеттик аппарат президенттин пайдасы үчүн аракеттерин баштайт. Бул нерсе Сооронбай Жээнбековдун элчилер менен жолугушуусунда болду. Мындай нерсе болуп келген. Алмазбек Атамбаевдин "Заноза" менен болгон окуясы буга мисал боло алат", - дейт Дина Маслова.
Адвокат
Акмат Алагушев, журналисттер
Турат Акимов, Лейла Саралаева, Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.