Депутат Махабат Мавлянова: “Кыргыз мамлекетинде сөз эркиндиги сакталган”

Учурда оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу талкуу болуп жаткан кез. “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Ага чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Гезиттин директору Шайиста Шатманова сурактан чыккандан кийин кырдаал тууралуу айтып жатып мамлекеттик органдардын аракеттерин сөз эркиндигине болгон кысым катары баалады.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сөз эркиндигине кысым көрсөтүү качан токтойт?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова жооп берди.

Эл өкүлү мыйзамда көрсөтүлгөн сөз эркиндигине болгон тартипти бузбоо керек экенин белгиледи.
“Кыргыз мамлекетинде сөз эркиндиги бар. Анткени ар ким каалаган оюн эркин айта алат. Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен бизде сөз эркиндиги эң жогорку деңгээлде. ЖМКнын өкүлдөрү менен соттошкондор бар. Алар өздөрүнүн абийирин сактоо үчүн сотко берет. Анткени адамдын укугу тепселенбеши керек, ошол себептен алар сотко кайрылышат. Мыйзамдын негизинде нормалар сакталган болсо эч ким сөз эркиндигин чектебейт”, - деди Мавлянова.
Адвокат Акмат Алагушев, журналисттер Дина Маслова, Турат Акимов, Лейла Саралаева, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан