Расмий маалыматтарга таянсак, Ош шаарындагы жумушсуз макамына ээ жарандардын саны - 2398. Бул сандын 42 пайызын аялдар түзөт. 2013-жылдын башынан 1-июлга чейин жумуш издеп каттоого турган ишке жарамдуу жарандардын саны 5979ду түзсө, анын 2670и аялдар болгон. Акыркы 6 ай ичинде Ош шаарындагы ишкерлер 365 жаранды иш менен камсыздаганын мэрия билдирет.