"Элчилик кызматка мени экс-президент дайындаган, айрымдары жаңылышып Өмүрбек Текебаев дайындаган деп жүрөт".
Мындай пикирин бүгүн, 19-мартта "Оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу" аталышындагы маалымат жыйынында мурдагы элчи Кылычбек Султан билдирди.
"Менин күйгөнүм айрымдар 2014-жылы мени элчи кызматына Өмүрбек Текебаев дайындаган деп жаңылышып жүргөнү. Элчи кызматына мени экс-президент Алмазбек Атамбаев дайындаган. Мен анда бул Конституцияны өзгөртүүгө болбойт деп отставкага кеткем. Конституцияны маанилүү эмес катары кароо мүмкүн, бирок бардык нерсе биринчи кадамдан башталат.
Бул жерде биринчи кадам эмне болду? Саясатчылар айткан сөзүнөн кайткан кезде, ошондон коркуу керек. Мен каршылык көрсөткөнүмдүн себеби 2010-жылы ыйлап туруп, апрель баатырларынын эстелигинин алдында “бирге болобуз” деп айтылган сөздөрдү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чана баштады. Берилген убадалары аткарылган жок, бири-бирине душман боло баштады. "Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз" деп кийин 2016-жылы "өзгөртөбүз" деп чыгышты.
2010-жылга чейинки куугунтук көргөн тажрыйбам менен оппозицияны колдоп чыккам. Анда мен гезитти өзүм жетектеп тургам. Бир жактуу, үй-бүлөлүк, кландык башкаруу мамлекетти ээлеп албасын, баланс болсун деп оппозицияны колдоого баргам. Анда мага карата коркутуулар, аңдуулар болгон. Коркутуунун жеткен чеги 2009-жылы июль айында түндө 6-7 жаштагы балдарымдын бөлмөсүнө белгисиз адамдар кирип коркутуп чыгып кеткени болгон. Анда президенттик шайлоо болуп жаткан кез болчу. Ошол окуядан кийин мен балдарым үчүн коркуп, гезиттин оппозицияны колдогон саясатын токтоттум, балдарыма коркунуч жаралбаса ошондо гезиттин оппозициялык багытын улантмакмын.
2016-жылы ушул жолго бара турган болсо, мындан ары да жаман иштер болот деген туюм болду. Роза Отунбаева аянттан жанагындай жол менен кетти, жаңы Конституция кабыл алынды, Өмүрбек Текебаев кийин Садыр Жапаров кармалды. Анан ошентип бул процесс президент алмашса да уланып баратат", - деди мурдагы элчи.