Кылычбек Султан: "Экс-президент кетирген катачылыктарын оңдоого саясий ишмер катары өзү таасир этет деген ишеним бар"

Экс-президент кетирген катачылыктарын оңдоого саясий ишмер катары өзү таасир этет деген ишеним бар.

Мындай пикирин бүгүн, 19-март күнү "24.kg" маалымат борборунда "Оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу" аталышындагы маалымат жыйынында мурдагы элчи Кылычбек Султан билдирди.

"Учурда Алмазбек Атамбаевди колдоп жатканымдын себеби бар. Ал экс-президент кандай катачылыктарды кетиргенин баарыбыз билебиз. Эң негизгиси бул тууралуу өзү да жакшы билет. Менин колдоодогу ниетим, экс-президент кетирген катачылыктарын оңдоого саясий ишмер катары өзү таасир этсе деген ишеним бар. Мен башкара албайм, бирок ошол нерсени күтүп жатам. Кечээ айтылган сөздөрүндө да бир нече жолу “мен кетирген катачылыктарды оңдойм” деп айтканын уктук.

“Супер-Инфодон” алыстап кеткениме бир нече жыл болду, мурунку коллективди эле тааныбасам, кийинкилерин тааныбай деле калдым. Эмне иш жүргүзүп жатканын да билбейм. Бирок ага карабастан 2016-жылы Конституцияны өзгөртүүдөгү окуяга эле окшошуп келе жатат. Баары биринчи кадамдан башталат, мурунку президент тарабынан да биринчи кадам болгон, анда унчукпай отурганбыз. Кызматта тургандыктан унчуккан эмесмин, бирок унчукпаганыма өкүнөм. Кызматта турсам да “Супер-Инфо” ошол кездеги басымга кабыл болуп жаткан ЖМКларга колдоо көрсөткөн. Анда бийликтин гезитке байланыштырып кызматтан алууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок мен үчүн чындык биринчи орунда болгондуктан ал нерсеге даяр болчумун.

Бүгүнкү күндө “Супер-Инфого” болуп жаткан басым бул коллективге карата болууда, мен басымдарга өзүм даярмын. Бирок мунун артында бийликтин биринчи мыйзамсыз кадамдары болуп жатат. Экинчи, үчүнчү кадамдар болгондо токтотуу кыйын болот. Ошол себептен сиздерге кайрылдык. Бул нерсени токтотууга жардам берип, токтотуу керек. Болбосо эртең токтотуу кыйыныраак жана кеч болот", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан