Депутат Төрөбай Зулпукаров: “КСДП оппозицияга кеткенин жарыялашы партиянын чечими деп айтуу кыйын”

КСДПнын өзүн расмий оппозициялык партия атаганы коомчулукта талкуу болуп жатат. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон өтүп аталган партиянын тизмеси менен куралган КСДП фракциясы бийликтин көз карашын карманган көпчүлүк коалицияда. Партия оппозицияда болгон учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын кадамдары кандай болгону туура?

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияга кеткенин расмий жарыялады. КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров жооп берди.

Ал билдиргендей, мыйзамда партия оппозицияга өтсө, фракция көпчүлүк коалициядан чыгыш керек деген маселе жок.

"Көпчүлүк коалиция, азчылык коалиция түзүлгөндө партия жөнүндө жазылган эмес. Ал жерде фракция жөнүндө айтылат. КСДПда 2-3 пикирде болуп жаткан топтор болуп жатпайбы. Партиянын оппозицияга кеткенин жарыялашы КСДПнын чечими деп айтуу кыйын”, - дейт Зулпукаров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Исхак Масалиев, Ирина Карамушкина, Чыныбай Турсунбеков, Алмамбет Шыкмаматов, саясат таануучу Игорь Шестаков жана КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан