Депутат Чыныбай Турсунбеков: “Кыргыз мамлекетинин мыйзамында жазылган талапты аткаруу керек”

КСДПнын өзүн расмий оппозициялык партия атаганы коомчулукта талкуу болуп жатат. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон өтүп аталган партиянын тизмеси менен куралган КСДП фракциясы бийликтин көз карашын карманган көпчүлүк коалицияда. Партия оппозицияда болгон учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын кадамдары кандай болгону туура?

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияга кеткенин расмий жарыялады. КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жооп берди.

Анын айтуусунда, мыйзамга каршы иш жасоого болбойт.
“Кыргыз мамлекетинин мыйзамында жазылган талапты аткаруу керек. Дүйнөлүк классикадагыдай эле партия оппозицияга кетсе, фракция көпчүлүк коалициядан чыгат. Биздин өлкөнүн мыйзамында кандай экенин тактоо керек”, - деди Турсунбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Исхак Масалиев, Ирина Карамушкина, Төрөбай Зулпукаров, Алмамбет Шыкмаматов, саясат таануучу Игорь Шестаков жана КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан