КСДПнын өзүн расмий оппозициялык партия атаганы коомчулукта талкуу болуп жатат. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон өтүп аталган партиянын тизмеси менен куралган КСДП фракциясы бийликтин көз карашын карманган көпчүлүк коалицияда. Партия оппозицияда болгон учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын кадамдары кандай болгону туура?
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияга кеткенин расмий жарыялады. КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов жооп берди.

Ал партиянын саясий кеңеши менен фракциянын биргелешип кабыл алынган чечими гана легитимдүү болорун белгиледи.
“Партиянын саясий кеңеши оппозицияга кетүү тууралуу чечимин чыгарууда, сөзсүз түрдө фракция менен биргеликте кабыл алынат. Анткени фракция бул партиянын саясаттагы чоң өкүлү. Ошондуктан партиянын саясий кеңеши менен фракциянын биргелешип кабыл алынган чечими легитимдүү болот. Эгерде эки жак биргелешип чечим кабыл алышса фракция оппозицияга кетмек. Ал эми азыркы кырдаалды ала турган болсок, КСДП партиясы, КСДП фракциясы менен макулдашпай, пикирин укпай, өздөрү оппозицияга кеткенин расмий жарыялады. Эми партия фракцияны көпчүлүк коалициядан чыккыла деп мажбурлап жатат. Ал эми КСДП фракциясы партияны укпайт. Себеби партиянын саясий кеңешине баш ийбейт. Жакында бир эле партиянын 2 съезди өтөт. Кайсынысы легитимдүү, кайсынысы легитимсиз экенин акыры барып сот чечет. Бул партиянын жана фракциянын ичиндеги саясий кризис. Анткени партия да, фракция дагы ичинен 2ге бөлүнгөн. Ошондуктан бул кризис чечилмейинче баш аламандыктар боло берет”, - деди Шыкмаматов.
Жогорку Кеңештин депутаттары
Асел Кодуранова, Исхак Масалиев, Ирина Карамушкина, Чыныбай Турсунбеков, Төрөбай Зулпукаров, саясат таануучу
Игорь Шестаков жана КСДПнын юристи
Нурбек Касымбековдун пикири бул
шилтемеде.