"Электр станциялары" ишканасынын директору Аскар Эшимбеков мезгилсиз дүйнө салды

"Электр станциялары" ишканасынын директору Аскар Эшимбеков бүгүн, 20-мартта 57 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге жакындары тастыктады. Алдын ала белгилүү болгондой, буга анын сокур ичегисинин жарылып кетүүсү себеп болгон.

Аскар Эшимбеков 1962-жылы 1-октябрда төрөлгөн. Ал 1985-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктап, эмгек жолун Ош ЖЭБинде электрослесарь болуп иштөө менен баштаган. 2014-2015-жылдары "Түндүк электр" ишканасына директор болуп эмгектенген. Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон.

2018-жылдын май айында "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору болуп дайындалган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Аскар Эшимбековдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Fatimka
2019-03-20 12:51:17
Ыйманы саламат болсун.
+4
Shaa-82
2019-03-20 13:38:24
Жаткан жери жайлуу болсун! Жакындарына сабыр берсин Аллах!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан