Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеӊеште коопсуздукту сактап, адам өмүрүнө, саламаттыгына кам көрүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.
“Курал” жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” мыйзам долбооруна ылайык, өлкөнүн жарандары же чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар таап алган же аларда мыйзамсыз сактоодо турган куралдарды жана патрондорду акы алып же бекер өз ыктыяры менен тапшырууга болот. Аларга куралдын көлөмү, сапаты, чыккан күнүнө жараша акы төлөнүп берилмекчи. Маалымат боюнча, 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу 1190 курал жоголсо, 232 курал кайтарылып берилди, учурда 633 курал издөөдө турат. Ошондой эле ички иштер органдары тарабынан 39835 аӊчылык куралын колдонууга уруксат берилген. Андан тышкары, чет өлкөлүк жарандарга 157 тапанча сый катары тартууланган.