"Былтыркы жылдын жыйынтыгында өлкөнүн карызы 4 миллиард 4 миллион долларды түздү" дейт финансы министри

Былтыркы жылдын жыйынтыгында өлкөнүн карызы 4 миллиард 4 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Анын айтымында, 85,7 пайызы тышкы карыз, 14,3 пайызы ички карыз болуп саналат. "Жыл ичинде мамлекеттик карыздарды тейлөөгө 23 миллиард 7 миллион сом жумшалды. Мамлекеттик карыздарды тейлөөгө жумшалган каражаттын 7 миллиард 1 миллион алынган насыялардын үстөк пайызын жабууга, ал эми 16 миллиард 7 миллион сом негизги карыздарды жабууга чегерилген. Өткөн жылы мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча түшкөн каражат 19,6 пайызды түзүп, план 75,8 пайызга гана аткарылды. Анын ичинде, гранттар 5 миллиард 7 миллион сом, насыялар 9 миллиард 2 миллион сом", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан