20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "чимкирик парламент" деп айтканына жооп кайтарды.
Ал сөз сүйлөп жатып экс-президенттин мөөнөтүндөгү ишмердүүлүгүнө карата сын айтып: "Сиз шыбаган Жогорку Кеңеш көз карандысыз комиссия түзүп, бир объектиден миллиондогон доллар уурдалганын аныктап чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өкмөт отставкага кеткен. Мурдагы премьер-министрлер, экс-мэрлер, Бажы кызматынын жетекчилери камалганын билебиз. Жогорку Кеңеш мындан ары дагы көз карандысыз ишин улантат", - деди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Спикер Дастанбек Жумабеков бүгүнкү күндө парламент көз карандысыз деди. Ишенесизби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова жооп берди. Ал Дастанбек Жумабековдун экс-президенттин сөздөрүнө жооп кайтаруусунун өзү парламенттин көз каранды экендигинен кабар берерин айтат.
"Тилекке каршы, бүгүнкү парламент көз карандысыз эмес. Эми Алмазбек Атамбаевдин ар бир айткан сөзүнө жооп берип турушабы? Тескерисинче, жооп бергени көз каранды экенин дагы бир жолу тастыктап койду. Мурун көрсөтүлбөгөн акарат, бүгүн бирөөгө жагынуу катары айтылган сөз болуп калды", - дейт Салянова.
Экс-депутат Равшан Жээнбеков, мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов, жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмерлер Мукар Чолпонбаев, Ишенбай Кадырбековдун бул боюнча пикирлери бул топтомдо.