Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов: "Парламент көз карандысыз эле эмес, парламент да боло алган жок"

20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "чимкирик парламент" деп айтканына жооп кайтарды.

Ал сөз сүйлөп жатып экс-президенттин мөөнөтүндөгү ишмердүүлүгүнө карата сын айтып: "Сиз шыбаган Жогорку Кеңеш көз карандысыз комиссия түзүп, бир объектиден миллиондогон доллар уурдалганын аныктап чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өкмөт отставкага кеткен. Мурдагы премьер-министрлер, экс-мэрлер, Бажы кызматынын жетекчилери камалганын билебиз. Жогорку Кеңеш мындан ары дагы көз карандысыз ишин улантат", - деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Спикер Дастан Жумабеков бүгүнкү күндө парламент көз карандысыз деди. Ишенесизби?" деген собол салды.

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов мамлекетке таасирин тийгизе ала турган бир да чечим чыгарышкан жок деген пикирин айтты.

"Парламент көз карандысыз болмок тургай, парламент да боло алган жок. Мен көп эле мисал келтирип жүрөм. Биздин парламент дөңгөлөгү жок трактор сыяктуу эле дүрүлдөйт, бирок жүрбөйт, жер казбайт. Парламент да ошол сыяктуу, демилге көтөрөт, анан чечим чыгарарда эч нерсе жок. Олуттуу, мамлекетке таасирин тийгизе ала турган бир да чечим кабыл алган жок.

Президент мындай десе ошондой деп жүрүшсө кантип көз карандысыз болушат? Эгерде шайлоо эрежелери өзгөрбөй, мурунку бойдон шайлоо өтсө мындан да жаман парламент келет. Жомоктогудай сыйкырдуу болбойт. 2010-жылдагы Конституция менен бирге киргизилген шайлоо эрежелери Кыргыз мамлекетинин тагдырына балта чапты. Партиялык тизме менен болот деген эреже Кыргыз өлкөсүн туңгуюкка кептеди", - деди Байболов.

Экс-депутат Аида Салянова, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмерлер Мукар Чолпонбаев, Ишенбай Кадырбековдун пикирлери бул топтомдо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан