20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "чимкирик парламент" деп айтканына жооп кайтарды.
Ал сөз сүйлөп жатып экс-президенттин мөөнөтүндөгү ишмердүүлүгүнө карата сын айтып: "Сиз шыбаган Жогорку Кеңеш көз карандысыз комиссия түзүп, бир объектиден миллиондогон доллар уурдалганын аныктап чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өкмөт отставкага кеткен. Мурдагы премьер-министрлер, экс-мэрлер, Бажы кызматынын жетекчилери камалганын билебиз. Жогорку Кеңеш мындан ары дагы көз карандысыз ишин улантат", - деди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Спикер Дастан Жумабеков бүгүнкү күндө парламент көз карандысыз деди. Ишенесизби?" деген собол салды.
Жарандык активист Адил Турдукулов төрага Дастан Жумабековдун айтканына кошула албай турганын билдирди.
"Мен бул сөзгө ишенбейм. Парламент аткаруу бийлигине, тагыраагы, президентке көз каранды. Бул кайрадан эле Баш мыйзамдын мүчүлүштүктөрүнө байланыштуу. Анткени президенттин колунда УКМК, Башкы прокуратура, Коопсуздук кеңеш бар. Кандайдыр бир оппозициячыл көз караштагы депутат чыгып калса, бийликке карата же президентке карата сын-пикирин айткандар чыкса анда аларга ошол органдар аркылуу кылмыш ишин козгоо басым кылуу оңой. Парламентке көбүнчө бизнесмендер, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер топтолгон. Аларга карата органдар аркылуу айыптоолорду табуу оңой экенин билишет. Мындан улам парламент мүчөлөрү президентке жана президенттик аппаратка көз каранды десек болот", - дейт Адил Турдукулов.
Экс-депутат Аида Салянова, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов, коомдук ишмерлер Мукар Чолпонбаев, Ишенбай Кадырбековдун пикирлери бул топтомдо.