Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков: “Бизнеси бар депутатка көз карандысыз болуу өтө кыйын”

20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "чимкирик парламент" деп айтканына жооп кайтарды.

Ал сөз сүйлөп жатып экс-президенттин мөөнөтүндөгү ишмердүүлүгүнө карата сын айтып: "Сиз шыбаган Жогорку Кеңеш көз карандысыз комиссия түзүп, бир объектиден миллиондогон доллар уурдалганын аныктап чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өкмөт отставкага кеткен. Мурдагы премьер-министрлер, экс-мэрлер, бажы кызматынын жетекчилери камалганын билебиз. Жогорку Кеңеш мындан ары дагы көз карандысыз ишин улантат", - деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Спикер Дастанбек Жумабеков бүгүнкү күндө парламент көз карандысыз деди. Ишенесизби?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Жогорку Кеңеш көз карандысыз боло албайт деген пикирде.

“Бизнеси бар депутатка көз карандысыз болуу өтө кыйын. Көпчүлүк депутаттардын бюджеттик мекемелерде алардын туугандары жакындары иштеп калды. Каршы сүйлөп койсо аларга доо кетет. 2-3 жылдан кийин көпчүлүк депутаттардын принциби жок болуп калат. Баары эмес, айрымдары. Азыркы учурда айрымдары деген көп болуп жатат”, - дейт ал.

Экс-депутат Аида Салянова, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов, жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикирлери бул топтомдо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан