Соттор кеңешинин жаңы курамына шайланган судьялардын аты-жөнү

Кыргыз Республикасынын судьяларынын ХI курултайында Соттор кеңешинин жаңы курамы шайланды. Бул курамдын биринчи жыйналышы 18-мартта өткөндүгү боюнча Жогорку Соттон маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Кеңештин биринчи жыйналышында төрага жана анын орун басары шайланып, туруктуу комиссиялардын курамы түзүлдү. Кеңешке төрага болуп Ош шаардык сотунун судьясы Нурланбек Атаназаров жана анын орун басары болуп Жогорку Соттун судьясы Чынара Садырова шайланышты.

Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин курамына:

Токтомамбетов Кеңешбек Божокоевич - Жогорку Соттун судьясы;

Арапбаев Нурсейит Макенович - Жогорку Соттун судьясы;

Айдарбекова Чынара Аскарбековна — Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы;

Горшковская Ирина Вадимовна – Бишкек шаардык сотунун судьясы;

Орозова Дамира Токтоналиевна – Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы;

Султаналиев Нурлан Туруспекович – Чүй облусунун райондор аралык сотунун судьясы;

Бодоев Абдимавлян Коконович – Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы;

Калыков Бакыт Усенканович — Жалал-Абад облусунун сотунун судьясы;

Койломбаев Азамат Ишимбекович – Нарын облусунун сотунун судьясы;

Шамбетова Мира Узбековна – Ысык-Көл облусунун сотунун судьясы;

Эшалиев Нурманбет Касымбекович – Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы;

Алимкулов Нургазы Халилович – Баткен облусунун сотунун судьясы;

Ибраимов Темирбек Маданбекович – Талас облусунун райондор аралык сотунун судьясы.

Соттор кеңеши Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайынын аралыгындагы мезгилде иштеген, соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзгөн, соттук өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат. Судьялар кеңешинин мүчөлөрү үч жылдык мөөнөткө шайланышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан