Чаткалда кар көчкү басып калган грейдер чыгарылып, унаа жол бир тараптуу ачылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунда кар көчкү түшүп, грейдерди басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кар көчкү бүгүн, 21-мартта Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунда түшүп, ӨКМга тийиштүү техниканы басып калган. Бактыга жараша, айдоочу жабыркаган эмес.

Унаа жолу убактылуу жабылган. Жерине ӨКМнын 1 жүктөгүчү, 10 кызматкер жана Чаткал районунан 3 куткаруучу тартылган. Саат 18:30да кар көчкүнүн алдында калган грейдер чыгарылып, жол бир тараптуу ачылган. Унаа жолду кеңейтип тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, түн киргендигине байланыштуу саат 19:40та жумуш убактылуу токтотулду.

22-март күнү иш-аракеттер улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан