Ошто май куюучу жайдагы жарылуу фактысы боюнча иликтөө башталды

Ош шаарындагы май куюучу жайдагы жарылуу фактысы боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Курманжан датка кичи районундагы май куюучу жайдагы кырсык боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине "Ѳрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу" катары катталып иликтѳѳ иштери башталды.

20-мартта Ош шаарынын Курманжан датка (Юго-Восток) кичи районундагы май куюучу жайда жарылуу болуп, өрт саат 22:10до чектөөгө алынган. Кырсык болгон жайга "Тез жардам" кызматы жана ӨКМнын өрт өчүрүүчүлөрү барган. Кырсык боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан