Биз социалдык тармакта

Ош шаарындагы май куюучу жайда жарылуу болду

Ош шаарынын Курманжан датка кичи шаарчасында жайгашкан май куюучу жайда жарылуу болду. Маалыматты Ош ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.

Жарылуу бүгүн саат 20:10 чамасында болгон.

"Учурда Ош ШИИБинин жетекчилиги, ыкчам тергөө тобу, тиешелүү кызматтар окуя болгон жерде иш алып барышууда. Кошумча маалыматтар берилет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, жарылуу болгон жерге "Тез жардам" кызматы, 4 өрт өчүрүүчү унаа барды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалымат боюнча Петров көчөсүнүн №47 үйүнүн жанында май куюучу станциядан (АЗС) өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттүн кесепетинен 1960-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек адам жабыркап, облустар аралык ооруканасынын күйүктөр бөлүмүнө жаткырылган.

Ошто май куючу жайда жарылуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2019-03-21 00:43:27
Ш.М.К.М.Ф.Ч
+2
Taalai94
2019-03-21 11:00:47
Dembele84,тааныйт окшойсуз а
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан