Муфтият: "Бишкектин четинде таштанды терип жан баккандардын саны 30дан ашат"

Бишкектин четиндеги таштанды талаасынан таштанды терип үй-бүлөсүн баккан жарандардын саны учурда 30дан ашат. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетинин дин башкармалыгынын басма сөз бөлүмү кабарлады.

Маалым болгондой, Бишкек шаарындагы мечиттердин биринин имамы Азимжан Хашимжан уулу алар менен жолугушуп, ырыскы тууралуу баяндама жасап берген.

Ушул жылдын 25-февралында SUPER TV Бишкектин четиндеги Алтын-Казык жаңы конушунда таштанды терип 5 баласын жалгыз багып жаткан 31 жаштагы Нургүл Бекиеванын турмушун баяндаган.

Бекиеванын тагдырына кайдыгер карабаган жарандар тынымсыз байланышка чыгып, айрымдары акчалай, айрымдары турмуш-тиричилигине керектүү буюмдардан тартып азык-түлүгүнө чейин алып келип беришкен. "Алыш" федерациясынын вице-президенти, жеке ишкер Советбек Рустамбек уулу жер маселеси чечилсе үй салып бере турганын убадалаган болчу.

"Көмөктөш Бол" коомдук кайрымдуулук уюму Сокулук районунун Токбай айылынан 5 сотых жер тилкесин берип, үйдүн курулушу башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baicho_0707
2019-03-23 14:33:51
Акчасын кайака жумшаарын билбей жургон байлар,чондор ушундай кембагал бир туугандарга жардам берип уй салып берип койсо канча сооп табышат эле!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан