Таласта иске ууланган үй-бүлөнүн 4 жаштагы кызынын абалы жакшы жана ал жакынкы күндөрү ооруканадан чыгат. Бул тууралуу Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунан билдиришти.
"Учурда кыздын абалы жакшы. Тамак ичкени жакшырып чуркап ойноп жүрөт. Алдыда 4-5 күндөн кийин ооруканадан үйүнө чыгарылат" деп билдирет аталган борбордон.
Окуя 20-февралга караган түнү болгон. Андан бир күн мурун үй-бүлөнүн электр энергияга болгон карызы төлөнбөй, адистер электр жарыгын өчүрүп кетишкен. Буга байланыштуу алар үйдүн ичинде от жаккан меш болбогондуктан темир челекке от жагып, андан чыккан иске ууланып калышкан. Үй ичинде уктап жаткан үй кожойкеси менен бир кызы каза болуп, 12 жаштагы уулу менен 4 жаштагы кызы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Ал эми аталган үй-бүлөнүн 2483 сом карызы үчүн электр жарыгын өчүрүп кеткен монтёр менен инспектор жумуштан бошотулган.