Орусияда МАИ кызматкерине пара берген деп шектелген Кыргыз жаранын сот үй камагына чыгарды

Орусияда МАИ кызматкерине пара берген деп шектелген Кыргыз жаранын сот үй камагына чыгарды. Мындай маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Оренбург облусундагы консулдугу кабарлады.

Андагы маалыматка караганда, Кыргыз өлкөсүнүн 1979-жылы туулган Н.М. аттуу жараны 4-мартта Оренбург облусуна кирип бара жатып кармалган. Ал Бишкек–Москва багытында жүргүнчүлөрдү ташып иштеп жүргөн.

Бүгүн, 22-мартта ага МАИ кызматкерине пара берди деген негизде Орусиянын Кылмыш кодексинин 291-беренеси боюнча айып коюлду. Консулдуктун кийлигишүүсү менен сот аны үй камагына чыгарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bazana
2019-03-23 03:42:59
Консулдук кийлигишпесе камалат беле, азыр бизде да ушундай маселе болууда? Бирок ал адам эркиндикте эле жүрөт, соту болгончо.
0
Adi010891
2019-03-23 13:16:56
Аай шорду мекендешим, ал жакты да КР элестетип алганго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан