Памир кыргыздарынын өлкөгө келгенине 1 жарым жыл болду. Эл өкүлдөрү менен жолугушууда алар жер тилке, турак жай сурашты

Ушул тапта Нарын облусунун аймагында памирлик 50 кыргыз жашап жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы бүгүн, 25-мартта билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен келген 2 үй-бүлө Ат-Башы районунда, 9 үй-бүлө Нарын шаарында жашап жатышат.

"Бир үй-бүлөнүн мүчөсү расмий түрдө иш менен камсыздалган. Дагы 4 үй-бүлөнүн жумушка жарамдуу курактагылары акы төлөнүүчү ар кандай иштер менен алектенүүдө", - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.

Кечээ, 24-мартта этникалык кыргыздар менен айрым эл өкүлдөрү жолугушту. Жолугушуу учурунда памирликтер бүгүнкү күндө Кыргыз жергесине отурукташуу оюн айтып, маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн.

"Бир аймактан жер тилкеси берилсе турак жай куруу ниеттери бар экенин, бир айыл болуп отурукташсак деген тилектерин жана ушул маселе аларды түйшөлтүп жатканын депутаттарга айтышты", - деди маалымат катчы. Ошондой эле ал памирлик кыргыздар көрсөтүлүп жаткан жардамдарга ыраазычылык билдиришкенин кошумчалады.

Депутат Аида Исмаилова аларда Кайрылман макамын алган документтерди алуу көйгөй болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү Кайрылман деген макамы барлар билим алганы менен билим алгандыгы тууралуу документтерди ала албай турганы да маселе болуп жатканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
karona12
2019-03-25 18:50:57
Памирликтер эмес озубуздун канчалаган жаштарыбыз жери жок журушот ар кайсы жерде,окмот биринчи озубуздукулорду кыйратып карап алып анан ушуларды алып келсе болмок.
-9
Rifle_I
2019-03-26 01:31:58
karona12,өзүбүздүкүлөр борбордон жер тытып жатат. Ацылдарда жерлер бош.
0
Aitunuk
2019-03-25 19:35:31
Памирлик кыргыздар КРга кайрылман катары эмес, балдары билим алып жаткан учурда бирге болуу үчүн келишкен. Аларга мыйзам боюнча жер да, үй да берилбейт, анткени Афганистандын жарандары. Келе жатышканда "кайтып келебиз" деп кол коюп берип келишкен. Өзүлөрү да эмненин негизинде келишкендерин жакшы түшүнүшпөсө керек.
-5
elchi84
2019-03-25 20:01:40
Жардам бериш керек окмот
0
CEO1
2019-03-25 20:05:44
Памирлик кыргыз боордошторубуздун жашоосу ары татаал, ары аянычтуу. Мектеп тургай чакан ооруканасы, торотканасы жок, дары-дармектери да жок. Эмдоодон (прививка) отушпогондуктон кызамык, кара чечек ж.б. эпидеммяларга чалдыгып олгон балдар коп. Байкуш энелер 8-10 бала торосо бой жетип аман жашап кеткени 2-3 эле болот. Жайлоонун башында кыштап жаздап, момо-жемиштерден алыс, витаминдер да жетишсиз. Андай жашоодо эч бирин жашоону каалабас элен...
+1
CEO1
2019-03-25 20:09:32
30 жылдан бери канча Окмот алмашты, канча канча жепжутарлар келип кетти, Памирлик кыргыздарга кам коргон бийлик табылган жок.

Нарынга кочуруп келген кыргыздар да кароосуз калды. Биринчиден аларды Нарынга эмес, Алайга кочуруп келуу керек болуучу, тоолуу айылдарынын бирине. Анткени памирлик кыргыздар Алайдан кеткен, каада-салты, диалекти ошол жакка жакын. Экинчиден Окмот аларды жон кочуруп келип койбостон шарт тузуп беруусу керек эле, кана ошол шарт?!!
+3
CEO1
2019-03-25 20:17:38
Алар Афганистан жараны болсо эмне болуптур, акыры алар КЫРГЫЗ го?!! Же алардан кыргыз жарандыгы бар озбек, уйгур, дунгандарды жогопу коюп жатасынарбы?!!

Окмот ошол кочуп келген памирлик ар уй-булого жер тилкесин болуп берип, 2-3 комнаттан уй салып берсе болбойт беле?!! 600$га аттиш, 100 000 сомго бир отургуч, 600$га бир тал, 1500$га огнетушитель, 1400 еврого аттын макети, 9000 сомго бир кочот сатып алып миллиарддаган акчаларды максатсыз сапырып жатышат го?!!
0
CEO1
2019-03-25 20:22:02
Памирде азыноолак байлар бар, бир нече жуздон кой кармаган. Ошолор кочуп келууну ниеттенбей эле. Бирок алардын колунда иштеп козун караган катардагы памирлик кыргыздар Кыргызстанга кочуп келип эл катары жашоону каалайт. Балдары билим алса, ооруп калышса жардам берээр докторлор болсо деп кыялданышат. Ошол бир ууч кыргыздарга шарт тузуп, уй-жай менен камсыздап, жашоосун улантып кетуусу учун бир канча жандык (кой-эчки, уй) берууго Окмот, КЫРГЫЗ ЭЛИ чабалдык кылып жатабы?!!
+2
admin_portal
2019-03-26 13:55:10
Aitunuk, CEO1, жеке айтышууларга жол берилбейт. Ал үчүн купуя кат бар. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан