Өлкө аймагында 28-30-мартта туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.
Маалыматта айтылгандай, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Кайсы аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар?
26-март күнү абанын температурасынын жогорулашына жана 27-30-марттарда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар күрткүсү жаралып, кар көчкү түшүү коркунучтары бар.
Бүгүн, 26-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
31-мартта жана 1-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.