"Ошто 4-кабаттан секирүүгө аракет кылган кыз суицидге барган эмес" дейт дарыгерлер

23-март күнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен секирүүгө аракет жасаган кыз өз жанын кыюуну максат кылган эмес. Мындай маалыматты Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун маалыматына таяп, шаардык оорукананын координатору кабарлады. Белгилүү болгондой, 4-кабаттын балконунда жүргөн кыз 1 уулу бар 27 жаштагы келин болгон.

Буга чейин белгилүү болгондой, шаардык милициянын басма сөз кызматы Ош шаарында өз жанын кыюуга аракет жасоо фактысы катталганын, 4-кабаттын терезесинен секиргени жаткан кызды ӨКМнын кызматкерлери куткарып калганын кабарлаган. Ошондой эле куткарылган кыз ооруканада экени кошумчаланган.

"К.Ш.кызы аттуу жаран өз жанын кыюуга аракет кылбаганын айтты. Ага шаардык оорукананын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери барып келди. Дарыгер өз милдетин аткарып, келинди текшерүүгө алган. Анын денесине эч кандай жаракаттар келген эмес. К.Ш. кызынын айтымында, ал ачкычын үйүнө калтырып коюп баласы менен көчөгө сейилдеп чыкканда сиңдиси үйүн бекитип коюп кетип калган. Үйүнө кире албай калган келин кошунасынын үйүнө кирип, балкону аркылуу өзүнүн балконуна өтүүгө аракет жасаган. Муну көргөндөр келинге жардам берүү үчүн ӨКМнын кызматкерлерин чакырышкан. Алар келип келиндин үйүн ачып беришкен", - деп билдирди координатор.

Окуя тууралуу укук коргоо кызматкерлеринен маалымат алынып, толукталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Abdizhapar
2019-03-26 12:56:23
Качан жалган айтканды коет экенсинер
0
Nur777
2019-03-26 13:00:34
Кичине чыдап турса синдиси деле келет эле го..же атайын кызматты чакырып,бир аз акча толоп ачтырып алса болот го,бирдеме болуп жаза тайып кулап олсо не болот эле?(((
+1
binur5
2019-03-26 13:28:42
Болушу мумкун биз экинчи кабатта турбазы 4 кабаттагы кошунам айылга ачкычын таштап келе берген экен биздин балкон аркылуу 4этажга инисин чыгарып ачтырган бирок ото кооптуу экен
0
nazarnew
2019-03-26 13:30:14
Иш жок болсо күйөөсү таштап кетсе, проблемасы көп болсо, баласын багууга күчү жетпей атса, барат го бул кадамга, бул факт.
-3
aminali
2019-03-26 13:53:45
Кудай сактады, адамдар мынча женил ойлуу болобуз. Абайлаш керек терен ойлоп, сабырдуу болуп шашпаш керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан