Депутат Алмазбек Баатырбеков: "Путиндин сапарында миграция жана коопсуздук маселелери көтөрүлсө жакшы болмок"

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз жерине мамлекеттик сапары менен 28-мартта келет. Кыргыз Республикасы үчүн Орусия негизги стратегиялык өнөктөш болгондуктан бул сапар абдан маанилүү. Анда бир нече документтерге кол коюлмакчы. Ошондой эле тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

SUPER.KG порталынын "Бул сапарда негизги кандай маселелер көтөрүлүшү керек?" деген соболуна депутат Алмазбек Баатырбеков жооп берди. Ал белгилегендей, Владимир Путин менен жолугушууда көтөрүлө турган маселелер көп. “Кыргыз мамлекети Орусия менен көп эл аралык уюмдарда өнөктөш. Көтөрүлө турган маселелер көп. Путиндин сапарында кандай маселе көтөрүлө турганы боюнча президенттик аппарат иш алып барат. Маалымат боюнча, 30га чукул келишимге кол коюлат. Миграция, коопсуздук маселелери боюнча сөз болсо жакшы болмок. Ошондой эле экономика тармагы боюнча маселе көп. Кыргыз өлкөсүнүн продукциясын экспортко чыгаруу маселеси көтөрүлүшү шарт”, - дейт Баатырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Аалы Карашев, Алмамбет Шыкмаматов, саясий серепчи Игорь Шестаков, экс-депутат Феликс Кулов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан