Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз жерине мамлекеттик сапары менен 28-мартта келет. Кыргыз Республикасы үчүн Орусия негизги стратегиялык өнөктөш болгондуктан бул сапар абдан маанилүү. Анда бир нече документтерге кол коюлмакчы. Ошондой эле тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
SUPER.KG порталынын "Бул сапарда негизги кандай маселелер көтөрүлүшү керек?" деген соболуна депутат Алмамбет Шыкмаматов жооп берди. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз мамлекетине келгенде ЕАЭБдин алкагындагы маселелер алгачкылардан болуп талкууланышы керек экенин белгиледи.
“Алгач Евразия экономикалык биримдиктин жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы маселелер талкууланышы керек. Ошондой эле товар жүгүртүү жана өлкө бюджетин көтөрө турган чоң долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү зарыл. Мындан тышкары мигранттардын көйгөйү жакшы каралышы абзел. Анткени миграция маселеси орчундуу болуп саналат. Ал эми Жогорку Нарын каскады боюнча маселе көтөрүлбөйт. Бул сот аркылуу чечилиши керек”, - деди Шыкмаматов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Аалы Карашев, Исхак Масалиев, саясий серепчи Игорь Шестаков, экс-депутат Феликс Кулов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.