Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев: "Путин келет" дегенден кийин эле "Бабанов келиши мүмкүн" деп айтыла баштады"

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз жерине мамлекеттик сапары менен 28-мартта келет. Кыргыз Республикасы үчүн Орусия негизги стратегиялык өнөктөш болгондуктан бул сапар абдан маанилүү. Анда бир нече документтерге кол коюлмакчы. Ошондой эле тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

SUPER.KG порталынын "Бул сапарда негизги кандай маселелер көтөрүлүшү керек?" деген соболуна коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди. Ал Путин менен жолугушуу алдында көптөгөн жоопсуз суроолор болуп жатканын айтты.

“Азыр чындап келгенде Путин Кыргыз Республикасына кандай максатта келип жатканы түшүнүксүз болуп жатат, маселе ушундай оор. Буга чейин экономикалык маселелер менен келип, Жогорку Нарын каскадын жана бир канча маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн, бирок жумушчу топ эч кандай чечим кабыл алган эмес. Тармактык министрликтер алдын ала жолугушуу учурунда кандай маселелер каралат, эмнеге кол коюла турганын да маалымдашчу эле, бирок мен бул тууралуу эч кандай маалымат уккан жокмун. Учурда ал кандай себеп менен келип, эмне маселе карала турганы да белгисиз болуп жатат. Мамлекеттик сапар болгон соң жооптуу маселелер каралууга тийиш.

Мисалы учурда ар кандай учкай айтылган сөздөр тарап жатат, анда Орусиянын башчысы Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековду элдештирет деп айтылууда. Канчалык деңгээлде бул нерсе ишке ашат билбейм, бирок көпчүлүк экөө элдешкенин кабыл албайт. Анан жакынкы күндөрү интернетте "Өмүрбек Бабанов келет" деген маалымат тарады, бул жерде Орусиянын президентине анын кандай тиешеси бар деген суроо жаралат. Себеби "Путин келет" дегенден кийин эле "Бабанов келиши мүмкүн" деп айтыла баштады. Экөөнүн кандай байланышы бар деген жоопсуз суроолор болууда.

Бизде экономикалык чоң маселелер бар, өзгөчө фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар, айыл-чарба продукциясын европалык стандартка келтире турган, жогорку сапаттагы айыл-чарба продукциясын чыгаруу маселелери турат. Ушул маселелер тууралуу сүйлөшүү болобу же болбойбу деп ойлондуруп, кооптондуруп турат.

Кандай болгон күндө да Путин келсе жакшылыктардын жышааны болот деген үмүт менен турабыз. Себеби Кыргыз өлкөсүнүн сакталып турганы, Орусия менен стратегиялык өнөктөш болуп, достук мамилени бекемдеп туруу Кыргыз өлкөсүнө, Орусияга да өтө керек экенин көрүп сезип турабыз”, - дейт Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Аалы Карашев, Алмамбет Шыкмаматов, Исхак Масалиев, саясий серепчи Игорь Шестаков, экс-депутат Феликс Кулов, саясий ишмер Темирбек Асанбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан