Чүйдүн Беш-Күнгөй айылында унаага курал менен кол салып, 310 миң долларды уурдап кеткен шектүүлөргө издөө салынды

Чүйдүн Беш-Күнгөй айылында белгисиз адамдар унаага курал менен кол салып, 310 миң долларды уурдап кеткен шектүүлөргө издөө жарыяланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр - 45 жаштагы М.С. жана 39 жаштагы Б.А. аттуу жарандар. Алар Чүй облусунун Москва районунун тургундары. Учурда шектүүлөрдү издөө иштери улантылууда.

6-мартта Чүйдүн Беш-Күнгөй айылында белгисиз адамдар Тойота Харриер үлгүсүндөгү унаага курал менен кол салышкан. Облустук милициянын маалыматына ылайык, кол салгандар унаадан 310 миң доллар акчаны уурдап кетишкен. Окуядан 53 жаштагы С.Б. жана анын 57 жаштагы С.М. аттуу жубайы жабыр тартып, ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Munar90Munar
2019-03-27 15:18:48
Кулку келетго
0
Kyrgyz_bloger
2019-03-27 15:26:13
Мнеге эми издоо жарыяланды,ушул убака чейин болуш деп айткан го дейм,жаап койобуз ишти деп,алар болушпой койдубу
+3
Dembele84
2019-03-27 15:41:46
Билген адамдар эле кылган ал ишти,аркасынан андып журуп акыры кол салышкан да М.С и Б.А деген атын толук жаздыргысы келбеген кылмышкерлер!!!
0
bond02
2019-03-27 17:05:15
Оздору келип долясын бербегенде анан издоо жарыялаган окшойт.
+2
Samar90
2019-03-27 17:15:28
Алар жетер жерине жетти
+2
taalai1008
2019-03-27 17:34:36
Дагы бир аз коюп турганда болмок экен да өздөрү келмек издейсиңерби деп.
+2
Dalil
2019-03-27 19:07:07
МС БА деп издешсе табылат буйруса кылмышкер пенсияга чыгып өлгүчө. Аты жөнү такталса сүрөтү менен чыгарып анан издөө салат болуш керек. Же ушинтип Мс Бс деп издеген эффективдүүбү же?
0
senchi
2019-03-27 22:16:22
Атын жөнүн толук жазган чакта деле сүрөтү жок болсо кантип издешет,мээнер барбы озу. Ошол сүзгөн машинаны тапсанар эле табылат.21 күн өтүптүр кандай милиция кызматкерлери иштейт түшүнбөймүн. Мурдунарды тарталбаганынарды билип кылмыш жасашатда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан