super.kg logo

Чүйдүн Беш-Күнгөй айылында белгисиз адамдар унаага курал менен кол салып, 310 миң долларды уурдап кетишти

 

Чүйдүн Беш-Күнгөй айылында белгисиз адамдар унаага курал менен кол салып, 310 миң долларды уурдап кетишти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 6-мартта катталган.

"Бүгүн, 6-мартта Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жол кырсыгы тууралуу маалымат келип түштү. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда белгисиз адамдар Тойота Харриер үлгүсүндөгү унаага куралчандар кол салып, ичиндеги 310 миң долларды уурдап кетишкени белгилүү болду. Унаада 53 жаштагы С.Б. аттуу жаран жана анын 57 жаштагы С.М. аттуу жубайы болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, С.Б.нын унаасын сүзгөн Субару Форестер үлгүсүндөгү унаадан 2 адам чыгып, курал колдонуу менен акча каражатын алып кетишкен. Аталган факт "каракчылык" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, жабыркагандар аймактык ооруканага жаткырылды.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.03.2019. 12:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
178
Катталган:
06-01-2017
Соӊку аракети:
24-06-2019 19:41
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байлык душман деген ушуда. Ушунча акчаны кайсы журоктуу адамдар сакчысы жок алып журот.бирок билген бироолор кол салды да.
06.03.2019. 23:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
07-02-2017
Соӊку аракети:
25-11-2019 18:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
21млн сом болуп калат экен.бул жагы
кино болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
147023;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: