Учурда бийликке тең ата каршы болуп чыга ала турган бирдиктүү жана күчтүү оппозиция жокко эсе. Саясий тажрыйбасы зор жана оппозициялык күчтөрдү бириктирүүгө дарамети бар 2 саясатчы Өмүрбек Бабановдун жана Өмүрбек Текебаевдин "колдору байланып турат". УКМК эгер Бабанов өлкөгө кайтып келсе, жоопко тартыларын билдирди. Ал эми президент Текебаевге ырайым кылуудан баш тартууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликтин Бабановду келтирбей, Текебаевди түрмөдөн чыгарбай жатканынын себеби эмнеде?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова жооп берди.
Ал экс-депутат Өмүрбек Бабанов мыйзамдын чегинде суракка чакырыларын айтты.
“Өмүрбек Бабановго карата буга чейин эле кылмыш иши козголгон. Учурда Бабановдун иши токтоп турат. Эми келсе УКМК аны мыйзам чегинде суракка чакырат, анткени, бул мыйзамдын талабы. УКМК чакырбай коё албайт. Ал эми Өмүрбек Текебаев боюнча жаңы жагдайлар менен каралары айтылды. Бирок Текебаевге мыйзамсыз кылмыш иши козголуп, өкүм чыгып калган. Эми анын баарын калыбына келтирүү үчүн мыйзамдан четке чыкпоо зарыл. Мыйзамдуу иш жүргүзүү бир же эки күндүн ичинде чечилип кала турчу иш эмес. Ошондуктан бул иштердин адилеттүү аткарылышына убакыт керек”, - деди Сооронкулова.
Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов, жарандык активисттер Мелис Аспеков, Адил Турдукулов, Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева жана Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин пикири бул шилтемеде.