Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов: “Күнөөсү жок экенине ишенсе Өмүрбек Бабанов келиши керек”

Учурда бийликке тең ата каршы болуп чыга ала турган бирдиктүү жана күчтүү оппозиция жокко эсе. Саясий тажрыйбасы зор жана оппозициялык күчтөрдү бириктирүүгө дарамети бар 2 саясатчы Өмүрбек Бабановдун жана Өмүрбек Текебаевдин "колдору байланып турат". УКМК эгер Бабанов өлкөгө кайтып келсе, жоопко тартыларын билдирди. Ал эми президент Текебаевге ырайым кылуудан баш тартууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликтин Бабановду келтирбей, Текебаевди түрмөдөн чыгарбай жатканынын себеби эмнеде?" деген соболуна Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов жооп берди.

Ал Бабанов менен Текебаевдин иштеринде акыйкаттык болот деген үмүттө.

“Азыр кандай сүйлөшүүлөр болду, эмне иштер болуп жатат маалыматым жок экен, бирок баары тең мыйзам чегинде болушу керек. Күнөөсү жок экенине ишенсе, Өмүрбек Бабанов өлкөгө келиши керек. Кыргыз жергесине келбей жатканына караганда, демек, бир нерсеси бар, себеби күнөөсү жок адам коркпойт да. Мисалы, биз күнөөбүз жок 3 жыл түрмөдө отурбадыкпы, акыры акталабыз, бизди мыйзамсыз соттогондор бир күнү жазага тартылат деп ишендик. Анын кылмыштары бар болгон үчүн өлкөдөн кеткен болуш керек.

Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча азыр сот карап жатат, эл аралык сотто иш анын пайдасына чечилсе, жаңы жагдайлар ачылат. Жаңы жагдайлар ачылып, сот ачык өтсө баарына чекит коюлат деген ойдомун. Текебаев жакынкы убакыт аралыгында чыгат деп ойлоймун.

Президент "соттордун ишине кийлигишпейм, соттор чечет" деп ачык айтып жатат. Аны кечээ камаган соттор кантип чыгарат, алар актабайт да. Биз деле акталган жокпуз, жаңы кодекске ылайык отурган мөөнөтү бүттү деп, мөөнөтүбүздөн мурда чыгарылдык. Акыйкаттык болот деген үмүт бар, себеби акыйкаттык жок мамлекетте алдыга жылуу жана адилеттүүлүк болбойт”, - деди Асанов.

Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, жарандык активисттер Мелис Аспеков, Адил Турдукулов, Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева жана Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан