Учурда бийликке тең ата каршы болуп чыга ала турган бирдиктүү жана күчтүү оппозиция жокко эсе. Саясий тажрыйбасы зор жана оппозициялык күчтөрдү бириктирүүгө дарамети бар 2 саясатчы Өмүрбек Бабановдун жана Өмүрбек Текебаевдин "колдору байланып турат". УКМК эгер Бабанов өлкөгө кайтып келсе, жоопко тартыларын билдирди. Ал эми президент Текебаевге ырайым кылуудан баш тартууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликтин Бабановду келтирбей, Текебаевди түрмөдөн чыгарбай жатканынын себеби эмнеде?" деген соболуна жарандык активист Мелис Аспеков жооп берди.
Ал бийлик күчтүү саясий оппоненттеринен коркуп жатканын айтты.
“Ачык эле айтыш керек, бийлик Бабановдун кайтып келишинен коркуп жатат. Бабанов өтө күчтүү саясий фигура. Президенттик шайлоодо жарым миллиондон көп добуш алган. Анын электораты өтө күчтүү. Буларга саясий оппоненттин кереги жок. Ошондуктан Өмүрбек Бабановду өз мекенине кайтуусун бийлик каалабай жатат.
Текебаев дагы бир нече жылдан бери өзүн чоң саясатчы катары далилдеп көрсөткөн. Ал камактан бошотулса, өзүнүн оюндарын баштайт деп бийлик андан чочулоодо. Ошондой эле Садыр Жапаровду дагы коё бергиси келбей жатат. Себеби ал Кумтөр маселеси үчүн камалып отурат. Толугу менен жаңы жагдайлар ачылып, адамдар “бизди куугунтукка салып көрсөтмө бердирген” деп айткандар болуп жатат. Бүгүнкү күнү көп нерселер ачыкка чыгып жатса дагы Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди коё бербей жатышат. Бир топ саясий туткундарды коё беришти. Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов бошотулду. Бийлик күчтүү саясатчыларды камактан бошотпой жатат. Алар 23-апрелге чейин бошотулбаса, булардын бардыгы оппозицияга кетиши мүмкүн”, - дейт Аспеков.
Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов, жарандык активист Адил Турдукулов, Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева жана Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин пикири бул шилтемеде.