Учурда бийликке тең ата каршы болуп чыга ала турган бирдиктүү жана күчтүү оппозиция жокко эсе. Саясий тажрыйбасы зор жана оппозициялык күчтөрдү бириктирүүгө дарамети бар 2 саясатчы Өмүрбек Бабановдун жана Өмүрбек Текебаевдин "колдору байланып турат". УКМК эгер Бабанов өлкөгө кайтып келсе, жоопко тартыларын билдирди. Ал эми президент Текебаевге ырайым кылуудан баш тартууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликтин Бабановду келтирбей, Текебаевди түрмөдөн чыгарбай жатканынын себеби эмнеде?" деген соболуна Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев жооп берди.
Ал азыркы учурдагы эң чоң көйгөй убагында саясий буйрукту аткарган соттордун тагдыры чечилбей жатканын белгиледи.
“Өмүрбек Бабанов "саясаттан кеттим" деп чыгып кеткен. Аны эч ким Кыргыз мамлекетинен кет деп айткан эмес. Ал эми Өмүрбек Текебаевди азыркы бийлик түрмөдөн чыгаруудан коркуп жатат. Текебаев саясий буйрук менен камалганы баарына белгилүү. Анткени анын эч кандай коррупциялык иштери жок. Президент Сооронбай Жээнбеков өзү Аксы окуясына арналган иш-чарада “Алмазбек Атамбаев саясий кылмыштуу топту түзгөн” деди. Атамбаев өзүнүн командасына каршы кишилердин бардыгын буйрук берип каматкан. Текебаев дагы ошолордун катарында болгон. Эгерде Текебаев чыкса, убагында Атамбаевдин тилинен чыкпаган соттор, прокурорлор жана тергөөчүлөрдүн бардыгын жоопко тартуу зарыл болот. Себеби алар туура эмес мыйзамсыз чечим чыгарып, Текебаевди камашкан. Саясий өңүттө соттолуп чыккандардын бардыгы акталып эмес, кандайдыр бир берененин негизинде чыгышууда. Бирок алар “соттолгон жаран деп калбайбыз, толугу менен ишти жаптырууга аракет кылабыз” деп чуркап жүрүшөт. Азыркы учурдагы эң чоң көйгөй, убагында саясий буйрукту аткарган соттордун тагдыры чечилбей жатат. Алардын саны 120дай болот. Булар соттор, прокурорлор жана тергөөчүлөр. Абакта жаткан Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Дүйшөнкул Чотонов сыяктуу саясатчыларды чыгарып, саясий буйрукту аткарган сот органдарын жоопко тартуу керек”, - деди Аргынбаев.
Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов, жарандык активисттер Мелис Аспеков, Адил Турдукулов, экс-депутат Асия Сасыкбаева жана Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин пикири бул шилтемеде.