Учурда бийликке тең ата каршы болуп чыга ала турган бирдиктүү жана күчтүү оппозиция жокко эсе. Саясий тажрыйбасы зор жана оппозициялык күчтөрдү бириктирүүгө дарамети бар 2 саясатчы Өмүрбек Бабановдун жана Өмүрбек Текебаевдин "колдору байланып турат". УКМК эгер Бабанов өлкөгө кайтып келсе, жоопко тартыларын билдирди. Ал эми президент Текебаевге ырайым кылуудан баш тартууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликтин Бабановду келтирбей, Текебаевди түрмөдөн чыгарбай жатканынын себеби эмнеде?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев жооп берди.
Эл өкүлү Өмүрбек Бабанов сот алдында өз укугун келип коргосо болот деген пикирде.
"Өмүрбек Бабанов азыр өзү келе алат деген ойдомун. Ачылган кылмыш иштери боюнча өзүнүн укугун коргоп, өзүнүн актыгын далилдөөсү керек. Айыптоолор чынбы же саясийби аны сот аныктайт. Текебаев боюнча бийликтин тиешеси жок деп ойлойм. Укуктук өлкөдө жашагандыктан бизде соттор чечет. Сот аркылуу бошотулабы же акталабы ошол жагын караган туура. Бабанов да, Текебаев да соттун алдында өзүн-өзү акташы керек", - деди Тиллаев.
Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов, жарандык активисттер Мелис Аспеков, Адил Турдукулов, Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева жана Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин пикири бул шилтемеде.