Бүгүн, 28-мартта Кыргыз мамлекетинин президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын президенти Владимир Путин журналисттерге билдирүү жасады.
Сооронбай Жээнбеков эки мамлекет башчынын расмий жолугушуусу бийик деңгээлде өткөнүн айтты. “Анда эки тараптуу, эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн пайда алып келе турган сүйлөшүүлөр болду. Айыл чарба, транспорт, жеңил өнөр жайы, энергетика тармагы боюнча кызматташуу документтерине кол коюлду. Кечээ Кыргыз-Орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму болуп өттү. Орус тили расмий тил боюнча кала бере турганын дагы бир жолу айткым келет”, - дейт Жээнбеков.
Владимир Путин эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн белгиледи. “Бизди достук байланыштырып турат. Маданият, саясат, гуманитардык жактан кызматташуу улана берет. Жолугушууда соода-экономикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду”, - дейт Путин.