Бүгүн, 28-мартта Кыргыз мамлекетинин президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын президенти Владимир Путин журналисттерге билдирүү жасады.
“Товар айландыруунун көлөмү былтыр 17 пайызга өстү. 71 миллион долларлык 12 долбоор ишке ашты. Кыргыз мамлекетинде 700гө жакын биргеликтеги ишкана бар. “Газпром” ишканасы активдүү иш алып барууда. Орусия Кыргыз өлкөсүнө ЕАЭБде адаптациялоого жардам берди. Бажы ички түзүм объектилерин жаңылоо иштери жүрүп жатат. 2020-жылдан тарта кыргыз продукциясы ЕАЭБдин техникалык регламентине дал келүүсүн аныктоочу сертификациядан өлкөнүн өзүнөн өтө алат. Ошону менен катар жаратылыш ресурстарын иштетүү боюнча кызматташуу башталып, "Жер Үй" кенине 20 жыл ичинде 600 миллион доллар инвестиция салынат”, - деди ал.