"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын өлүмүнө себепкер болгон айдоочунун жазасы жаңы кодекс боюнча 5 жылга кыскарды. Мындай чечимди Ысык-Көл облустук соту чыгарган. Бул тууралуу маркумдун апасы Насипа Мамбеталиева SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында жабырлануучу тараптын жактоочусу Ысык-Көл райондук сотунун сентябрь айында чыгарган чечимине макул эместигин билдирип, облустук сотко кайрылган.
"Ушул жылдын февраль айында Ысык-Көл облустук соту бул ишти кайра карады. Анда жаңы кодекс боюнча кызымдын өлүмүнө себепкер болгон айдоочуга берилген 10 жылдын 5 жылы алынды. Ошондой эле райондук сот келтирилген моралдык зыян үчүн 2 миллион сом төлөсүн деген өкүм чыгарган. Азыркы кодекс боюнча моралдык чыгым үчүн 400 миң сом төлөмөй болушту. Ал эми биздин жактоочу Жогорку сотко кайрылат. Бирок биздин үй-бүлө кайра-кайра эле соттошо бергенден чарчадык. Кызымдын өлүмүнөн кийин 4 ай өткөн соң жолдошум да каза болуп калды. Бул биздин үй-бүлө үчүн дагы бир оор жоготуу болду. Учурда кызымдан калган 3 неберем менен жашап жатам. Сания каза болгон соң Бишкектеги сулуулук салонун иштеткенге киши жок жабылган. Учурда Кара-Балтадагы эле салону иштеп жатат. Эми башты көтөрүп, балдар үчүн деп жакшылап иштетейин деп атам. Башка аргам кайсы?" - дейт Мамбеталиева.
2018-жылы 13-сентябрда "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын өлүмү боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде сот отуруму болгон. Анда соттун чечими менен айдоочу 10 жылга жатак абакка кесилип, маркумдун жакындарына 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү жаракат алып Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Ал эми маркум Сания Шакированын сөөгү 4-июнь күнү Кара-Балта шаарында жерге берилген.